Ичкиликке көз карандылыктан кантип арылууга болот. Наркологдун маеги

© AFP / BEN STANSALLКиши рюмкаларга арак куюп жатат. Архив
Киши рюмкаларга арак куюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа бюросунун баяндамасында советтик мамлекеттер алкоголдук ичимдикти колдонууну кыскартууда жакшы жыйынтыктарга жетип жатканы айтылган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Республикалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Каниет Мамбеталиева болду. Биз Кыргызстандагы алкоголдук ичимдикке көз карандылык жана аны дарылоо иштери тууралуу баарлаштык.
— Алкоголь дүйнөлүк көйгөйлөрдүн бири экенин билебиз. Өлкөдө чындап эле ичкиликке берилгендердин саны көбөйүп жатабы? Жалпы абалга токтолуп өтсөңүз?
— Кыргызстан боюнча спирт ичимдиктерине көз каранды адамдардын саны 2022-жылы бир пайызга көбөйгөнү аныкталган. Ал эми 2020-жыл менен салыштырганда биринчи жолу алкоголизм дарты коюлгандар 12 пайызга көбөйгөн. 2012-жылдан 2021-жылга чейин азайганы байкалган, бирок азыр көбөйүп жатат. Мурда жаштар арасында ичкиликке берилгендер арбын болсо, азыр синтетикалык баңгизатка көз каранды боло башташты. Негизи ичкилик иче баштаганда боордон аны сиңирүүчү зат бөлүнүп чыгып, улам ичкен сайын жакшы сиңире баштайт. Жетер жерине жеткенде ал адамды "аракты жакшы көтөрөт" деп баарыбыз мактап калабыз. Кийин ал көтөрүмдүүлүгү төмөндөй баштайт. Ушул маалда алкоголго көз карандылык пайда болот.
— Көчмөн элдердин канындагы ферменттер ичкиликке көз каранды болууну тездетери айтылат. Чындыгы барбы?
— Жок, бул жаңылыш пикир. Бизде той, шерине же бир шылтоо менен чогулмайлар көп. Ал учурда сөзсүз ортого ичимдик коюлат. Ушундайдан улам билинбей көз каранды боло баштайт. Айрымдар өзүндөгү өзгөрүүнү байкап калып кайрылат. Кээде бизге жакшынакай эле кийинген эжелер келип дартын айтат. Ал эми жеке баалоосу төмөн адамдарга айланасындагылар "ичкенде өзүңдү жаман алып жүрөсүң" десе деле тыйылбай, күчөп ичип баштайт. Мындай адамдарды дарылоо кыйынга турат.
© Sputnik / Асылбек БактыбековРеспубликалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Каниет Мамбеталиева
Нарколог Республиканского центра психиатрии и наркологии Каниет Мамбеталиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Республикалык психиатрия жана наркология борборунун наркологу Каниет Мамбеталиева
— Аракечтиктин кандай физиологиялык-психологиялык белгилери бар?
— Адамдар ар кандай. Кээ бирлер ичкенден кийин ачылып, эл менен аралаша баштайт. Ансыз өзүнчө бөлүнүп, коомдон четтеп калгандай болот. Ошол себептен ичкенге табити тартат. Анан жанындагынын да кошо ичишин талап кылууга өтөт. Ичкен адам эртеси кыйналып кусуп калса, ал адамда аракка болгон көз карандылык жок деп айтууга болот. Ал эми эртеси баш жазып алгандардан алкоголго көз карандылыктын белгилерин көрөбүз. Муну өздөрү моюнга алышпайт. Анткени бизде адам 2-3 күндөп ичип, эс-учун билбей жатып калса гана "берилгендик" катары кабылдайбыз. Күнүнө жумуштан кийин 100 грамм ичип алып үйүнө кирип кетчүлөр да бар. Ичкилик организмге кирген соң канды суюлтат, мээден маанайды көтөрүүчү гормон иштелип чыгат. Ошол учурда эмоцияны башкаруучу лимбикалык система иштебей калып, адам кыйкырып-өкүрүп, кыжырданып же ырдап, каткырып калат. Ичпей калган учурда каны коюуланып, жүрөгү лакылдап, калчылдап, титирей баштайт. Анан анысы кыжырданууга өтөт. Ичип алса кайра каны суюлуп, жүрөгүнүн согушу калыбына келип, жайдары боло түшөт. Муну дене бойдун жана аң-сезимдин спирт ичимдигине болгон көз карандылыгы менен түшүндүрөбүз. Ушундай абалдан чыгам деп жатып көбү аракечке айланып калат. Азыр дарылоодо стадияларга бөлбөйбүз. Бизге калчылдап-титиреп же уйкусу качып көзүнө ар нерсе көрүнүп калганда келишет.
— Спирт ичимдигинен организм кандай зыян тартат?
— Ичимдик канга аралашканда ал аркылуу тулку бойго бат тарайт. Бара-бара нерв системасынын өлүшүнө алып келет. Арак В витаминин организмден жууп чыгарып салгандыктан буларда энцефалопатия дарты пайда болуп, сын көтөрө албай агрессивдүү болуп калат. Бир айткан сөзгө да түшүнбөйт. Ичкилик боорду, бөйрөктү талкалайт. Ичкен маалда бат-бат заара чыгарып, эртеси бүткөн бою кургап, жанталашып суу ичкиси келген абалга жетип калат. Витаминдердин жетишсиздигинен муундар, сөөктөр какшап ооруйт. Тең салмактуулукту сактай албай жыгылып калышат, угуусу, көрүүсү начарлайт. Аял-эркектин жыныс органдарына да таасирин тийгизет. Ал адамдардан тубаса майып балдар төрөлүп калат. Аракечтик тукум кууйт.
© AFP / ASIF HASSANНарколог Мамбеталиева: Ичимдик канга аралашканда ал аркылуу тулку бойго бат тарайт. Бара-бара нерв системасынын өлүшүнө алып келет.
Запрет алкоголя в Пакистане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Нарколог Мамбеталиева: Ичимдик канга аралашканда ал аркылуу тулку бойго бат тарайт. Бара-бара нерв системасынын өлүшүнө алып келет.
— Ичкиликке аялдар менен эркектерде берилүү айырмасы бар дешет. Кайсы курактагылар көп берилип кетет?
— Республикалык наркология борборуна тизмеге катталып калуудан коркуп, жеке менчик клиникаларга барышат. Бизде деле анонимдүү дарылоо бар. Негизи 30 жаштан 75 жашка чейинкилер көбүрөөк кайрылышат. Ичкен адамдан үй-бүлөсү, туугандары баш тартып, акырында селсаякка да айланып кетишет. Кээде интеллекти жогору, билимдүү, өзүн мыкты алып жүргөн адамдардын ичкиликтен улам көчөдө калганын көрүп ичиң ачышпай койбойт.
Биздеги ичкилик ичүү маданиятын Европага салыштырып болбойт. Алар тамак сиңирүү үчүн 10 грамм ичип токтотуп коюшу мүмкүн. Биз бир ичкенде 1-2 литрге чейин ичип, кебелбей жүрө алабыз. Бул алар үчүн таң калычтуу. Германиялык кесиптешимдин айтымында, бир ичкенде бокалды түгөтө ичкен адамды алар "көз каранды" деп эсептешет экен. Мисалы, грузиндерде каалоо сөздөрүн узун айтып, кызыл шарапты уртап-татып отурат. Тамакты сиңирүү үчүн гана ичет. Эгер коногу мас болуп калса, "кожойке тамакты жакшы жасабайт" деп уят катары кабыл алынат экен. Бизде тескерисинче.
— Ичкиликке көз карандылыктан кантип арылууга болот?
— Ал үчүн адам өзүн сын көз менен карай билиши керек. Алкоголдун жашоосуна тийгизген терс таасирин анализдеши керек. Биринчи канын тазалайбыз, экинчи этапта психологдор менен иштешет. Айрымдар дароо эле сакайып кетет. Кээ бирлер кайра-кайра түшө берет. Аларга чөйрөнү алмаштырууну сунуштайбыз. Бизде анонимдүү дарылануу кымбатыраак, ал эми каттоого турса арзан. Учурда 2022-жылдын 1-январына карата каттоодо Кыргызстан боюнча 34 154 адам бар. Бул бизге кайрылгандардын гана саны. Азыр мамлекет тарабынан ичкиликти жарнамалоо токтотулуп, алкоголдук ичимдиктерге акциздик салыктар жогорулап жатат. Муну дагы жалпы калктын ден соолугуна көрүлгөн камкордук деп билебиз.
Улгайган киши башын кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Инсульт алган адамга кан суюлтуучу дары бербей туруу керек. Дарыгердин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0