Ишкердин кварц кенин басып алышкан. Токтогулдун мэри уулу менен кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЖалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри кармалды
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
Мэр ишкананын 50 пайыз үлүшүн уулуна мыйзамсыз каттатып койгон.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын мэри кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Калаа башчысы Т.Э.А. кен байлыкты басып алып, аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурган жана уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болгон деп шектелүүдө.
"2022-жылы Т.Э.А. Токтогул районунун аймагындагы кварц кени жайгашкан айылда башчы болуп турганда, кен казган компаниянын ээсине кварцты биргелешип иштетип, сатууну сунуштаган. Бирок ишкер ага макул болгон эмес. Мындан улам Т.Э.А. кримтөбөл Дөө Чыңгыздын Токтогулдагы "байкоочусумун" деген кишинин жардамы менен аталган ишкердин үй-бүлөсүн коркуткан. Бизнесменди ишканасынын 50 пайыз үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлап, аны мэрдин уулуна каттатып коюшкан", — деп айтылат маалыматта.
УКМКдан кийин аталган жерде кварц мыйзамсыз сатылганын, түшкөн кирешени уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турганын билдиришти.
"Өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөөнүн негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Кылмышкерлер. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Бир нече адам кылмыштуу идеядан баш тартты. Бири депутаттын атасы экени айтылууда
Жаңылыктар түрмөгү
0