200 миң доллар пара: Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси эки айга камалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР200 миң доллар пара алып жатканда кармалды делген президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси. Архивдик сүрөт
200 миң доллар пара алып жатканда кармалды делген президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. 200 миң доллар пара алып жатканда кармалды делген президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т. эки айга тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында облустук соттун маалымат кызмат билдирди.
Анын баш коргоо чарасы Баткен райондук сотунда каралып, 2024-жылдын 21-январына чейин камакка алуу чечими чыккан.
Белгилей кетсек, УКМК аткаминердин кеңешчисин көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар алып жаткан учурда колго түшүргөн. Маалыматта ал эки шериги менен директорду "Камчыбек Ташиевге арыз жазып, иштетпейбиз" деп коркутканы айтылган.
Абактын кызматкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Токтогул ГЭСинде шеригин атып качып кетти делген жоокер гауптвахтага камалды
Жаңылыктар түрмөгү
0