Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

2025-жылга чейин эки смена менен иштеген 560 бала бакча пайда болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовБилим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова бала бакчалар эки сменага өткөндөн кийин кандай тартипте иш алып барарын айтты.
Учурда иштеп жаткан бала бакчалардын баары эки сменага өтөт деп тынчсыздануунун кереги жок экендигин Нурзида Касымова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
2025-жылга чейин эки смена менен иштеген 560 бала бакча пайда болот
Анын айтымында, 2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча пайда болот.
"Эки мөөнөттүү бала бакчалар азыр деле иштеп жатат. Буга чейин Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өлкөдө эки смена менен иштеген 120 бала бакча ачылган. Мындай аракет экономикалык жактан пайдалуу болуп саналат. Балдар билим алууга гана келип, аларды уктатуу жана ойнотууга кеткен убакыт жана чыгым үнөмдөлөт. Түшкө чейин бир тайпада 25 бала окуса, түштөн кийин 25 бала окуп, бир күндө бир эле жерде 50 баланын билим алуусуна шарт түзүлөт. План боюнча, 2025-жылга чейин өлкөдө 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ишке кирет. Ал эми жыл аягына чейин бул сыяктуу 100 бала бакчанын ачылышы күтүлүп жатат", — деди Касымова.
Ал жаңы ишке кире турган бала бакчалар гана эки смена менен иш алып барарын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бала бакчалар эки сменага өтөрүн айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0