Чайлашуунун духунда... КР президентинин Японияга сапарынын жыйынтыгына сереп

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кишида менен расмий иш сапарынын алкагында
Президент Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кишида менен расмий иш сапарынын алкагында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Жазылуу
Ар кыл демилгелерге карабастан, Япония өзү да, Борбор Азия өлкөлөрү да Токионун бул чөлкөмдөгү реалдуу кызыкчылыгын так атай алышпайт. Sputnik баяндамачысы КР лидеринин Күн чыгыш мамлекетине болгон сапарын, үлкөн өлкөлөрдүн биринин чөлкөмдөгү саясатын талдаган.
Кезектеги "Борбор Азия + Япония" саммити 2024-жылга пландалган, бирок лидерлер эмитен эле чөлкөмдү өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн талкуулоого киришти. Коомчулук Японияны дүйнөнүн эң өзгөчө мамлекеттеринин бири катары кабылдайт, ошол себептен бул өлкөгө дүйнөнүн кай бурчунан лидер келбесин, дайым табышмактуулуктун жеңил эпкини коштойт.
КР президенти Садыр Жапаровдун расмий сапарынын алкагында да анын кооз япон каадаларынын бири — чай салтанатына катышуусу көңүл чордонунда болду. Мааниси көп кырдуу чай каадасы — бул эң оболу мейманга чын дилден кам көрүп, терең урматтоонун белгиси. Ал эми аземдин Күн чыгыш өлкөсүнүн байыркы борбору Киото шаарында өткөнүн эске алсак, бул мезгил, орун жана учурдун тандалышы Япониянын Кыргызстанга өзгөчө мамилесин туюндурат.
Прагматикалык жактан алып караганда япондор чай салтанаты жана ага катышуу мейманды орчундуу көйгөйлөрдү чечүүгө жакшы даярдай тургандай ой жүгүртүүсү менен белгилүү. Ал эми бизде эки: "Япония эмнени эңсейт жана Кыргызстан эмне самайт?" деген суроо жаратат.
Советтик-япондук согуш учурунда Кызыл Армиянын япон аскерлерине каршы согуштук операциясы.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Японияны жеңген күн: Борбор Азия калкы эмнени эсинде тутканы оң

Саясат бар, бирок так эмес

Япониянын өзү канчалык табышмактуу өлкө болсо, анын Борбор Азиядагы саясаты да ошончолук сырдуу. Тээ 1992-жылы Кыргызстан жана чөлкөмдөгү өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн кийин Япония өнөр жай, кен казуу жана энергетика тармактарын өргө сүрөй турган инвестиция булактарынын бири катары белгилүү бир убактарда аралашып жүрдү.
Күн чыгыш өлкөсүнүн экономикалык орду көбүнесе Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда байкалат, бирок ал бир топ чектелүү. Ошондой эле анын салымдарын башка мамлекеттердин Борбор Азиянын экономикасына тийгизген таасирине дегеле салыштырып болбойт.
Япон расмий бийлиги Токионун Борбор Азиянын энергетикалык ресурстарына, ошондой эле Афганстандагы кырдаалдан улам чөлкөмдөгү туруктуулук жана коопсуздукка абдан кызыкдарлыгын билдирип келет.
Япониянын кооз жаңырган демилгелери, атап айтканда, "Жибек Жолунун дипломатиясы", Жибек Жолу дипломатиясы боюнча программа жана "Борбор Азия + Япония" дипломатиясы боюнча иш-аракеттер программасын укпаган аз, бирок азыркы күн деминдеги аянтча АКШ баш, Индия төш болгон бөлөк өлкөлөр да өрнөк алган алака түзүүнүн үлгүлүү форматына айланды.
Япониянын өзүнүн саясатына баам салсак, ал дале теорияга гана таянган боюнча бет алууда. Ар кандай демилгелерге карабастан, Күн чыгыш өлкөсү да, Борбор Азия республикалары да Токионун чөлкөмдөгү реалдуу орду жана кызыкчылыгы тууралуу айта алышпайт. Мында Японияга кыйынчылык туудуруп жаткан эки фактор, атап айтканда, Борбор Азиянын географиялык жактан ыраактыгы, Россия менен Кытайдын эзелтен берки таасиринен улам атаандаштыктын күч болушу роль ойнойт.
Чөлкөмдө Япониянын саясаты өз алдынча эмес, АКШ, Европа биримдигине кирген мамлекеттер жана Түштүк Кореянын жалпы аракеттеринин бир бөлүгү катары гана мааниге ээ. Алардын кошумча салымы болбосо саясий жана экономикалык демилгелери маңызсыз. Ошентсе да Токио дүйнөлүк масштабда Өнүгүүгө расмий жардам алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ири донорлорунун бири катары эсептелет.
Өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге көмөктөшүү менен Япония өзүнүн эл аралык макамын жогорулатууга жана Бириккен Улуттар Уюмунун реформаланышынын аркасында анын Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлүгүн алууга үмүт арткан. Атап айтканда, Күн чыгыш өлкөсү бул маселеде өзүн колдоп берүүнү бир нече ирет өтүнгөнү менен Кыргызстан жана чөлкөмдөгү бөлөк өлкөлөр да четке кагышкан. Өнүгүп келе жаткан башка мамлекеттерди айтыш кыйын, бирок, маселен, Кыргызстан 30 жыл аралыгында Япониядан Өнүгүүнүн расмий жардамы боюнча болжол менен 700 миллион доллар алган. Салыштырсак, 1991-жылдан 2018-жылга чейин Россия Кыргызстанга ушундай эле программа боюнча 1,045 миллиард каражат бөлгөн. Статистиканы талашып болбойт эмеспи.
Ирандын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Евразиядагы алаканын жаңы үлгүсү. ЕАЭБдин эркин соода аймагы тууралуу пикир

Прагматикалык көз караш

Кыргызстан үчүн 2023-жыл жигердүү тышкы саясаттын жылы болуп, анын алкагында президент Жапаров өлкөнүн башкы дипломаты катары чыгууда. Администрациясынын аракеттеринен көрүнүп тургандай тышкы саясатта ушул тапта прагматизм идеясы үстөмдүк кылып жаткандай. Бишкек өзүнө акча керектигин жашырган да жок. Эгер япон инвестицияларын тарта алса, демек, ал эки тараптуу алаканы бекемдеши ажеп эмес.
Бир катар макулдашууларга кол коюлуп, анын ичинде достук жана баарын камтыган өнөктөштүк жөнүндөгү биргелешкен билдирүүнүн кабыл алынышы япон премьер-министри Фумио Кисиданын айтымында, "ырааттуу кызматташууну" туюндурат. Бул расмий сапар эки тараптуу мамилеге жаңы дем берери талашсыз. Япония Тышкы иштер министрлиги бул сапардын ийне-жибине дейре маалымат берип, эл аралык кырдаал, анын ичинде Инд-Тынч океан аймагындагы, Украина жана Жакынкы Чыгыштагы абал, ошондой эле чөлкөмдөгү өнүгүүгө кол кабыш кылуу жолдору жөнүндө ачык пикир алышуу болгонун маалымдашты. Эки мамлекеттин лидерлеринин "эл аралык укук принциптерине негизделген аракеттер эл аралык коомчулукта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо үчүн зарыл" деген ойлору бир чыкканы баса белгиленди.

Мааракелик жыл

2024-жылы "Борбор Азия + Япония" форумунун 20 жылдыгы белгиленет. Жапаровдун расмий сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери "диалог алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү" максатында мааракелик саммитти даярдоо боюнча бирге иш алып барууга макулдашты.
2004-жылы мамиленин мындай форматы чөлкөм үчүн жаңылык болгонун моюнга алган оң. Башка аянтчалардын көпчүлүгүндө дайым эле баары толук чогула бербеген Борбор Азиянын беш мамлекетинин тең башчылары уй мүйүз тарта отурушкан.
"Борбор Азия + Япония" аянтчасы келерки жылы кандай болорун болжош кыйын. Бирок бул форматтын "топ жара турган чечимдерине" оңтойлуу шарттардын жок экени анык, анткени география да Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясий багыттарындай эле өзгөрүп кеткен жери жок.
Жаңы транспорттук жана энергетикалык жолдордун долбоорлору азырынча иштелип гана чыгууда. Ал эми чабалдай түшкөн япон экономикасы Евразияда Кытай Эл Республикасы жана Россия менен теңтайлаша аларына үмүт артуунун кажети жок. Ошондой эле борбор азиялык мамлекеттер муну түшүнбөйт же Токионун нагыз ниетин туйбайт дештин өзү да тажрыйбасыздык.
АКШнын тескөөсү болбосо, аны менен глобалдык өз ара байланыш кыйла жакшы жолго коюлган Япониянын Борбор Азияда жигердүү саясат жүргүзүү туурасында ою да болмок эмес. Күн чыгыш мамлекети кооз аталыштагы демилгелердин алкагында инвестиция салуу, энергетикалык долбоорлорго активдүү катышууну убадалоого аргасыз. Бирок бул сөздөргө ишенүүгө болобу?
Экинчи дүйнөлүк согуш убагында "Чогуу гүлдөп-өнүгүүнүн улуу чыгыш азиялык чөйрөсү" деген укмуштай аталыштагы япон демилгеси менен Түштүк-Чыгыш Азия элдерин эксплуатациялоонун өтө ырайымсыз планы ишке ашырылганы бир топ муундун эсинен чыга элек.
"Борбор Азия + Япония" аянтчасынын мааракелик саммити кооз жана улуттук каада-салтты эске алуу менен чай салтанатынын духунда өтүшү мүмкүн. Анткен менен жоопко караганда суроолорду түмөн калтырары турулуу. Борбор Азияда да чайлашууну жактырышат. Бирок бул адатта кандайдыр шарттуулук, сырдуу маңыз камтылбайт, анткен менен бизде чай үстүндө жылуулук жана жөнөкөй баарлашуу көбүрөөк болот.
Формалдуу жана бейформалдуу ыкмалар канчалык айырмаланса да Борбор Азияда чай үстүндө маселелер талкууланып гана тим болорун, бирок чечилбей турганын бөркүңүздөй көрүңүз. "Борбор Азия + Япония" форуму чынында ушул үчүн түзүлгөн эмеспи.
Берлинде Борбор Азия лидерлеринин Германиянын канцлери менен жолугушуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Европанын Борбор Азиядан издегени эмне? Эксперттин пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0