ЖККУ өлкөлөрүнүн министрлери бир катар документтерге кол коюшту. Видео

© Sputnik / Виктор ТолочкоЖККУ өлкөлөрүнүн министрлери
ЖККУ өлкөлөрүнүн министрлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ башчылары, коргоо министрлери жана Коопсуздук кеңештеринин катчылары Минск шаарындагы жыйындын жыйынтыгы боюнча документтерге кол коюшту. Бул тууралуу Sputnik Беларусь билдирди.
Ага ылайык, саясий жана аскердик чөйрөдөгү, заманбап чакырыктарга жана коопсуздук коркунучтарына каршы туруу боюнча документтерге кол коюлган.
Ошондой эле тышкы иштер министрлери Евразия мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылууда бирдиктүү мамиле боюнча билдирмеге кол коюшкан.
Белгилей кетсек, эртең Беларусь мамлекетинде ЖККУ өлкө башчыларынын жыйыны болмокчу.
ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Пресс-борбор
ЖККУ штабынын жетекчиси: Афганстан ЖККУ мамлекеттери үчүн коркунуч жаратпайт
Жаңылыктар түрмөгү
0