Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси иштен кетип, ордуна экс-депутат дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйынында отурган депутат. Архив
Жогорку Кеңештин жыйынында отурган депутат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
Мурдагы жетекчи ЖКнын эки эл аралык уюмдагы өкүлү болуп кетти.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Экс-депутат Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду.
Алымбаев буга чейин биринчи орун басар болуп иштеп жаткан. 2021-жылдын октябрынан декабрына чейин ЖК депутаты болгон. Андан мурун "Республика Ата-Журт" фракциясынын катчылыгында беш жыл эмгектенген.
© Фото / пресс-служба партии "Бутун Кыргызстан"Алайбек Алымбаев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Бутун Кыргызстан Алайбек Алымбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Алайбек Алымбаев
Аппарат башчылыгынан кеткен Шабданбек Алишев Жогорку Кеңештин парламенттер аралык ассамблеясы жана ЖККУ Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Ал эми Алымбаев кеткен орун басарлык кызматка Элмира Эшенкулова отурду. Эшенкулова былтыртан бери Жогорку Кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Нурдан Орунтаев мамлекеттик жаңы кызматка дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0