Жергиликтүү бийликтин жүгүн кантип жеңилдетүү керек? Эксперттик көз караш

© Sputnik / Павел БедняковАткаминер документтер менен иштөө учурунда. Архив
Аткаминер документтер менен иштөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
Жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган коалиция түзүлдү. Ал аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү максатында иш алып барат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев болду. Биз Союздун жасап жаткан иши жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун абалы тууралуу маектештик.
— Алгач Союздун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?
— Адатта Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзун мамлекеттик органдар же бейөкмөт укук коргоочу уюмдар менен алмаштырып алышат. Бул уюм 1996-жылы айыл өкмөттөр түзүлгөндө республикалык конференция болуп, анда негизги чечимдердин бири катары "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясын түзүү керек" деген чечим кабыл алынган. Кийин Президенттин 1996-жылдын 24-октябрындагы №309 Жарлыгы менен ассоциациянын уставы бекитилген. Анткени бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмеси катары эсептелип, мамлекеттик органдан өзүнчө, бөлөк система. Бирок жергиликтүү башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардын ортосунда кызматташтыкты жөнгө салган, айыл өкмөт, мэрияларга жардам көрсөтүп келе жаткан уюм.
Эки-үч жыл ичинде активдүү фазада иштеп баштадык. Айыл өкмөттөр, мэриялар Союзга мүчөлүк акыны канчалык деңгээлде татыктуу төлөсө, ошончолук сапаттуу кызмат көрсөтүлөт. Акыркы үч-төрт жылдын аралыгында өтө чоң жетишкендиктер болду. Буга чейин бизге көпчүлук айыл өкмөттөр, мэриялар мүчөлүк акы да төлөбөй, таанылбай унутулуп калган экен. Азыр бардык муниципалитеттерменен тыгыз иш алып баруудабыз. Нарындагы кыскартууларды эске алганда 408 айыл өкмөтү, 32 шаар менен иштешип жатабыз. Мүчөлүк акылар быйыл 10 миллион сомго жакын төгүлүп, жакшы кызмат көрсөтө баштадык. Бирок бул биздин чыгымдын 30 пайызын эле жабат. Калган чыгымдарды эксперттик кызмат көрсөтүүлөр аркылуу, долбоор жазуу менен кошумча каражаттарды тартып, кызмат көрсөтүп жатабыз. Андан тышкары айыл өкмөттөргө да донорлор менен иштешип, гранттык жардам берип, колдоо көрсөтүүдөбүз. Республикалык бюджеттен Союз каржы албайт. Бүгүн Союзда онлайн өтө көп консултациялар берилүүдө, тактап айтканда WhatsApp аркылуу айыл өкмөт, мэрияларга консультация берген ар кандай тармактан он топ бар. Күнүнө эксперттер 100гө жакын суроолорго жооп беришет. Алсак, жер маселелери боюнча, мамлекеттик сатып алуу, финансы, жергиликтүү бюджет, муниципалдык кызмат өтөө өңдүү бир катар тармактык суроолорго жооп берет. Андан тышкары Союздун эксперттери көптөгөн мамлекеттик органдардын комиссияларында да иш алып барышат. Мисалы, муниципалдык резерв, регионалдык резерв. Айыл өкмөттөр бүгүнкү күндө 184 мыйзамды билиши керек. Ал мыйзамдардын алдындагы актылар менен жоболор 254кө жакын. Мунун баарын билүү кыйын. Ошондуктан эксперттерге кайрылууга туура келет. Учурда биздин адистер жер-жерлерде окууларды, семинарларды, конференцияларды өтө көп өткөрүүдө.
Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте Борбор Азиядагы башкаруу академиясын ачтык. Анткени мыйзамда ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кызматкеринин билим деңгээлин жогорулатууга бюджетинин эсебинен каражат бөлүп, ведомстволук багытта окууларга жөнөтүп турушу керектиги жазылган. Бизде тилекке каршы айыл өкмөттөр, мэриялар бул багытта каражат карабай ведомстволук-эксперттик окутуулар жүргүзүлбөй калып калган. Көпчүлүк мамлекеттик органдардын ведомстволук багытта окуткан окутуу борборлору бар. Ал эми муниципалдык кызматкерлерди окуткан борборлор жок, ошондуктан Союз менен Өнүктүрү саясат институту биргеликте атайын окутуу борборун ачканбыз. Ал жерде биздин эксперттер муниципалдык кызматкерлерди окутуп, сертификатын тапшырып жөнөтөт. Өнүктүрүү саясат институту ушундай долбоорлордо бизге каржылык жардам көп көрсөтүп келүүдө.
© Sputnik / Асел АкматЖергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев: Бүгүн Союзда онлайн өтө көп консултациялар берилүүдө, тактап айтканда WhatsApp аркылуу айыл өкмөт, мэрияларга консультация берген ар кандай тармактан он топ бар
Директор Союза местного самоуправления Бектурган Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун директору Бектурган Орозбаев: Бүгүн Союзда онлайн өтө көп консултациялар берилүүдө, тактап айтканда WhatsApp аркылуу айыл өкмөт, мэрияларга консультация берген ар кандай тармактан он топ бар
— Административдик-аймактык реформа да көп жүрүүдө. Ага улай суроолор көбөйүп, ишиңер да көбөйсө керек?
— Айыл өкмөттөрдү бириктирүү процесси башталгандан тарта өтө көп суроолор, маселелер айтылды. Президенттин жарлыгынын артында күчтүү муниципалитеттерди түзүү концепциясы жатат. Чынында Кыргызстан үчүн 452 айыл өкмөт өтө көп. Анын үстүнө булар мындан 20 жыл мурун колхоз-совхоздордун негизинде түзүлгөн. Азыр Нарындагы 63 айыл өкмөттү бириктирип, 27 кылды. Кээ бир айыл өкмөттөрдө 1500-2000ге жакын киши жашайт. Айрым айыл өкмөттөрдүн 40-50 миң калкы бар. Кээ бир аймактагы бир кыштак эки айыл аймагына бөлүнүп калган. Кээ бир айыл өкмөтүнүн бюджети 150 миллион болсо, жанындагы эле айыл өкмөттүн бюджети 10 миллионго жетпейт. Ушундай маселелер көп. Азыр "Түндүк" тиркемесине бардык маалыматтарыңды киргизип, негизги маселелерди айыл өкмөткө барбай үйдөн бүтүрүп алууга шарт түзүлүп жатат. Ошол себептен айыл өкмөттөрдү бириктиүрүү менен аларды күчтөндүрүү да керек.
— Бүгүн жергиликтүү муниципалдык органдардын юридикалык мүмкүнчүлүгү кандай?
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу муниципалдык органдарына укуктук жактан өтө көп милдет жүктөлгөн, бирок ресурстук жактан аны аткарууга шарты жок. Штаттык, административдик жактан жетиштүү камсыз боло элек. Күчтүү муниципалитет түзүү үчүн ресурс, кадрдык потенциал мыкты болушу шарт жана жергиликтүү органдардын өз алдынча иш алып барууну билүүсү кажет. Кээ бир жерлерде адамдык факторлор да роль ойнойт экен. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик органдардын айырмасын так ажыратып билүү керек. Чет мамлекетке чыкканда муниципалитетте иштеген кызматкерден "жогорку органдардан тапшырма берилеби?" деп сурасам таң калат. Анткени аларда ыйгарым укуктар так бөлүнгөн, ага ылайык өз жумушу жана бюджети бар экен. Ошого жараша милдеттерин гана аткарат. Министрликтер аларга аралашпайт. Азыр бизде айыл өкмөткө министрликтерден өтө көп тапшырмалар келет. Ар ким өз жумушун аткаруусу зарыл. Эмесе иш чала-була аткарылып, эптеп кагаз жүзүндө жалган маалыматтар кайра жогору жөнөтүлүп жатат.
© Sputnik / Асель СыдыковаБектурган Орозбаев: Муниципалдык кызматтарга укуктук жактан өтө көп милдет жүктөлгөн, бирок ресурстук жактан шарты жок. Штаттык, административдик жактан камсыз боло элек.
Глава союза местных самоуправлений Кыргызской Республики Бектурган Орозбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Бектурган Орозбаев: Муниципалдык кызматтарга укуктук жактан өтө көп милдет жүктөлгөн, бирок ресурстук жактан шарты жок. Штаттык, административдик жактан камсыз боло элек.
— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын кеңейтүү тууралуу кеп болгон. Ишке аштыбы?
— Дароо эле ишке ашып кетпейт да. Негизги концепция туура, бардык маселелер жеринде чечилиши керек. Көмүскөдө жаткан өтө көп булактар бар. Ошондой эле мамлекет тарабынан да күчтүү көзөмөл керек. Айылдагылар 100 пайыз салык төлөбөйт. Бизде экономикалык, финансылык жагына көп көңүл бурулбайт. Ал эми жергиликтүү кеңештер мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. Болгону бир гана функциясын жоготту. Азыр аткаруу органынын жетекчисин гана шайлай алышпайт. Анткени мурда айыл өкмөттөрдү депутаттар шайлаганда өтө көп коррупциялык элементтер аралашып кеткен. Жергиликтүү кеңештин депутаттары азыр бюджетти бекитип, саясий чечимдерди кабыл алып, аткаруу органынын ишмердүүлүгүнө баа берип, акимге сунуш бере алат. Ошентсе да депутаттар ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатышат. Башында 3-4 жолу сессияга катышат да, андан кийин келбей коюшат. Токтомдору да туура эмес чыгат. Депутаттарды окутуу өтө керек.
— Кадрдык потенциал өзгөрдүбү?
— Ошол аймакта туулуп-өскөн жаран ал жерге айыл өкмөтүнүн башчысы же мэр боло албайт деген норма кирип калган. Бирок практикада райондун же облустун борборундагы төрөтканада туулуп, бирок өз айылында жашап, айыл өкмөт болууга мыйзам жол берип жатат. Бул теңсиздикти жаратат. Мындай норманы алып салуу туура деп эсептейм. Экинчиден, кадрлар сөзсүз тест тапшырып, аңгемелешүү аркылуу резервге кириши керек.
— Бүгүн жергиликтүү бийликтеги кадрларды окутуу муктаждыгы канчалык?
— Муктаждык абдан жогору экен. Социалдык тармактагы тайпалар аркылуу эксперттерге муниципалдык кызматкерлерден өтө көп суроолор келет. Менимче, кызматкерлерди өтө көп окутуу, ошондой эле чет өлкөгө алып чыгуу керек. Жакында эле атайын долбоор менен бир катар айыл өкмөттөргө Эстониянын муниципалитеттерин көргөзүп келдик. Абдан көп тажрыйба алышты. 2021-жылы 26 мэрди Түркияга алып барганбыз. Стамбулдун ичи 39 муниципалитетке бөлүнөт. Бурса шаарына алып барып, ал жакта эл менен жергиликтүү бийликтин иштешкенин, жергиликтүү маанидеги маселелерди кантип чечерин көрсөттүк. Көп нерсени үйрөнүштү. Мында велосипед ойлоп табуунун кереги жок. Болгону эл-жер көрүп, башкалардын тажрыйбасын үйрөнүп, иштөө гана керек. Ошол себептен ар бир мекеме окутууга да каражат бөлгөнү туура. Бюджетти көбөйтүүнүн жолун кароо зарыл. Кийинки жылдарга каржы жагын көтөрүүнү ойлонуштурабыз.
Талаада иштеген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Дыйкан биринчи кадамын топуракты анализдөөдөн башташы керек. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0