Теңиз Бөлтүрүккө өкүм чыкты. Чоо-жайы

© Фото / пресс-служба Кабинета министров КР/ Алишер Алиев"Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы башчысы Теңиз Бөлтүрүк. Архив
Кумтөр голд компани ишканасынын мурдагы башчысы Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
Бөлтүрүктүн камакка алынган банктык эсеби да колуна тийгени айтылды.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Биринчи май райондук соту үй камагындагы Теңиз Бөлтүрүктү 800 миң сом айып төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.
Бөлтүрүк буга чейин үй камагында болчу. Маалымат кызматынан анын камакка алынган банктык эсеби да өз колуна тийгенин кошумчалады.
Бөлтүрүк "Кумтөр" ишканасына келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 миллион сом төккөнү белгилүү болду.
Сот прокурор менен айыпталуучунун ортосунда күнөөсүн мойнуна алуу тууралуу макулдашуу болгонун айтып, мындайда ал камалбай турганын белгилеген.
Бөлтүрүк 2022-жылы сентябрда кармалган. Анда Кумтөрдү башкарып жатканда 1,1 миллиард сом зыян келтиргени айтылган. Быйыл жазда бийлик ал башка шектүүлөр менен кошо 831 миллион сом кайтарганын билдирген. Ошондон улам тергөө абагынан чыгарылган.
Бөлтүрүктү президент Садыр Жапаров 2021-жылы компанияны башкарууга чакырган. Кийинки жылы Эсеп палатасы ишканадан финансылык алешемдиктерди таап чыгып, Бөлтүрүк менен компаниянын каржы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Жалпы тогуз киши суралган.
Теңиз Бөлтүрүк быйыл 30-апрелде үй камагына чыккан болчу.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Динара Кутманованын уулун Түркиядан алып келишти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0