Нюрнберг процесси, СССР прокурорунун талабы. Видео

Жазылуу
1945-жылы 20-ноябрда Нюрнберг процесси башталган, анын жүрүшүндө коркунучтуу согуштук кылмыштарга тиешеси бар бир нече адам өз жазасын алган.
Дүйнөлүк бул соттун кандай болгонун окумандарга видео аркылуу баяндап бермекчибиз.
Сотко СССРден катышкан башкы прокурор, генерал Р. А. Руденко адилеттүүлүк орноп, кылмышкерлердин жазаланышы зарылдыгын баса белгилеп сүйлөгөн.
"Фашисттик террордун миллиондогон айыпсыз курмандыктарынын элесин эскерип, дүйнөдө тынчтыкты орнотуу үчүн, болочоктогу элдин коопсуздугу үчүн соттолуп жаткандар менен толук жана адилеттүү эсептешебиз. Бул — бардык адамзаттын сурагы, азаттык менен ыйманды туу туткан, эркиндикти сүйгөн элдин сурагы. Адилеттүүлүк орносун!" — деген Руденко токтоо, бирок талап кылган маанайдагы өктөмдүк менен.
Нацисттик кылмышкерлерге өкүмдү 1946-жылы 1-октябрда угузушкан. Алардын көбү өлүм жазасына тартылган.
Тема боюнча:
Бишкекте "Эскирүү мөөнөтү жок. Тарых соту" көргөзмөсү ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0