Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү келет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевНоябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү келет
Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү келет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Жапаров Япониянын "Ротобо" бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен ишкердик жолугушуу өткөргөн.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү келет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Япониянын "Ротобо" ассоциациясынын президенти Масами Иидзиманын айтымына таянып кабарлады.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы учурда расмий сапары менен Японияда. Анын алкагында президент "Ротобо" бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен ишкердик жолугушуу өткөргөн.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү келет

Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү келет - Sputnik Кыргызстан
1/2

Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү келет

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Япониянын "Ротобо" ассоциациясынын президенти Масами Иидзиманын айтымына таянып кабарлады

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Япониянын "Ротобо" ассоциациясынын президенти Масами Иидзиманын айтымына таянып кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/2

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Япониянын "Ротобо" ассоциациясынын президенти Масами Иидзиманын айтымына таянып кабарлады

1/2

Ноябрдын аягында Кыргызстанга Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү келет

2/2

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы Япониянын "Ротобо" ассоциациясынын президенти Масами Иидзиманын айтымына таянып кабарлады

Ассоциация президенти Масами Иидзима Япония өкмөтү Борбор Азия менен кызматташууга кызыкдар болуп жатканын белгилеген.
"Масами Иидзима ушул жылдын ноябрь айынын аягында 20 адамдан турган эксперттик топ Кыргызстанга жөнөтүлөрүн, алар Япониянын алдыңкы компаниялары менен ири ишканаларынын өкүлдөрү болорун билдирди. Сапардын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт. Анын ичинде делегация Бишкек эркин экономикалык зонасына барып, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөрү күтүлүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Иидзима япон тарап Кыргызстан менен экономикалык жаатта кызматташууга кызыкдар экенин айтып, туризм, айыл чарба, энергетика, өнөр жай сыяктуу багыттар боюнча бизнес-диалогду жандандырууга даяр экенин белгилеген.
Өз учурунда Садыр Жапаров жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстан ири жаратылыш байлыгына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчкө ээ экендигине бурган.
"Президент кыргыз тарап менен ГЭСтерди куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле бул багыттар боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатында кызматташуу зарылдыгына токтолгон", — деп жазылат кабарда.
Садыр Жапаров япон компанияларын Кыргызстанга чакырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Садыр Жапаров япон компанияларын Кыргызстанга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0