Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке экспорттолот

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКартошка жыйноо иштери. Архив
Картошка жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Товар алгач лабораторияда экспертизадан өтөт.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстан эми Өзбекстанга картошка экспорттой баштайт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков коңшу мамлекеттин ири импортерлору менен Нарын жана Ысык-Көлдө өстүрүлгөн картошканы экспорттоо боюнча келишимге кол коюшкан.
"Товар алгач лабораторияда экспертизадан өтүп, биринчи партиясында 1000 тонна жөнөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул жылдын январынан августка чейин картошка 34,5 пайызга кымбаттаган.
Буудай жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Майда чарбалар эмес, ири корпорациялар керек. Айыл чарбасы канткенде өнүгөт?
Жаңылыктар түрмөгү
0