Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкектин Октябрь районунда үй-жайсыздар үчүн 80 орундуу жай иштөөдө

© Sputnik / Асел АкматОктябрь административдик районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Сталбек Эсенкулов
Октябрь административдик районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Сталбек Эсенкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
Жазылуу
Октябрь административдик районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Сталбек Эсенкулов баш калкалоочу жайга бир күндө 50дөй киши кайрылып жатканын айтты.
Октябрь районунда үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу 80 орундуу жай иштеп жатат. Бул тууралуу Сталбек Эсенкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкектин Октябрь районунда үй-жайсыздар үчүн 80 орундуу жай иштөөдө
Анын айтымында, ал жакка келгендерге бир жолу кечки тамак берилет.
"Күн суук болуп баштаганда жыл сайын Бишкек шаарындагы райондордо үй-жайсыздар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылат. Алар 1-ноябрдан 1-апрелге чейин иштешет. Өзүмдүн районум боюнча айта турган болсом, бизде учурда 80 орундуу жай иштеп жатат. Ага күнүнө 50дөй киши кайрылууда. Ар күнү ар кандай болот. Өзгөчө күн сууктаганда киши көбөйөт. Бир маал ысык тамак берилет. Жуунуп-тазаланганга душ, тамактанганга ашкана бар. Биринчи медициналык жардам да көрсөтүлөт. Бишкектиктер үй-жайсыздарды көргөн учурда 102 номерине чалып, милиция кызматкерлерине кайрылыш керек. Ошондой эле 103 номерине чалып, тез жардам кызматкерлерине да кабарласа болот", — деди Эсенкулов.
Ал Октябрь району боюнча баш калкалоочу жай Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0