Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде атаандашын жеңип алды

© AP Photo / Jeff ChiuUFC мушкери. Архив
UFC мушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Жазылуу
Ал ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жетип, бир ирет утулуп калган.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде атаандашын муунтуу ыкмасы менен утту. Оролбай уулунун уюмдагы алгачкы кармашы 18-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өтүп, сербиялык Урош Медич менен күч сынашты. Беттештин экинчи раундунда кыргызстандык спортчу жеңишке ээ болду.
Мындан төрт күн мурун эле спортчу жеке баракчасына UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Кечээ анын көз караштар таймашынын видеосу чыккан.
Мыктыбек ММА уюмунда 13 беттеш өткөрүп, анын 12синде жеңишке жетип, бир ирет утулуп калган. Ал эми атаандашы Медичте 10 беттеш болгону, анын тогузунда жеңишке жетип, бир жолу жеңилгени жазылган.
Белгилей кетсек, UFC беттештеринде Кыргызстандын атынан бир тууган Валентина жана Антонина Шевченколор чыгып келе жатышат.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2023
Шевченко Грассо менен болчу үчүнчү беттешти Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0