Эрдоган “кеч боло электе” Израилден өзөктүк куралды текшерүүгө чакырды

© AP Photo / Emrah GurelТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жазылуу
Түркия лидери дүйнө коомчулугунан ал көтөрүп жаткан маселени көңүлдөн сырткары калтырбоону өтүндү.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара Израилде өзөктүк куралдын бар-жогун текшерүүнү жана муну “кеч болуп кала электе” жасоо демилгесин көтөрөрүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эрдогандын айтымында, миңдеген жактоочулар Эл аралык кылмыш сотуна Израилдеги аскердик кылмыштарды изилдөө өтүнүчү менен кайрылган жана бул аракеттер токтогон жок.
Бир жагынан алганда, Израиль Өзөктүк куралды таратпоо боюнча келишимге кошулбагандыктан документтин бул нормасы ага тиешелүү эмес.
“Бирок мүчө өлкөлөр Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке кайрылып, текшерүү механизмин түзүүнү сурана турган учур да каралууда. Биз муну болушунча эртерээк жасаганга ниеттенип турабыз”, — деген Түркия лидери Берлинден кайтып келгенден кийин журналисттер менен сүйлөшүп жатып.
Ал белгилегендей, Израилдин өзөктүк куралы "сөзсүз, шек санабай туруп" текшерилиши керек, бирок бул процесс бир аз убакытты талап кылат. Маселени БУУнун Коопсуздук кеңеши карашы керек. Эрдоган АКШ анткен менен Израиль тарапта болуп, ага вето коюшу мүмкүндүгүн айтты.
“Бул маселени алып чыгуу аймактагы стратегиялык кызыкчылыктан алып караганда өтө маанилүү. Басым көрсөтүүнү улантабыз... Дүйнө коомчулугун муну көңүлдөн сырткары калтырбоого чакырам”, — деди Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2023
Адамзатка каршы кылмыш! Эрдоган Газадагы конфликт тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0