Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Тюменде ишкерлик кылган кыргызстандыктар башкаларды иш менен камсыз кылууда

© Sputnik / Асылбек БактыбековТюмень шаарындагы "Биримдик" кыргыз диаспорасынын ардактуу төрайымы Канзада Сманова
Тюмень шаарындагы Биримдик кыргыз диаспорасынын ардактуу төрайымы Канзада Сманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
Тюмень шаарындагы "Биримдик" кыргыз диаспорасынын ардактуу төрайымы Канзада Сманова Россиядагы мекендештер арасында ишкерлик кылгандар көбөйүп калганын айтты.
Россиянын өкмөтү жергиликтүү диаспоралар менен тыгыз иштешип, маселелер жаралса, колдоо керек болгон учурда көмөктөшүп, гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кол сунуп турат. Бул тууралуу Канзада Сманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Тюменде ишкерлик кылган кыргызстандыктар башкаларды иш менен камсыз кылууда
Анын айтымында, Тюмень шаарында мекендештер соода борборлорун, таксопарктарды, медициналык борборлорду ачып, иш орундар менен камсыз кылып жатат.
"Жалпысынан Россиядагы мекендештердин жашоо шарты кыйла жакшырып калды. Албетте, 10-15 жыл мурунку учурга салыштырмалуу бир топ өзгөрүү бар. Бүгүнкү күндө бир катар жеңилдиктер түзүлүп, кыргызстандыктар арасында ишкерлик кылгандар арбыды. Алсак, Тюмень шаарында мекендештер соода борборлорун, таксопарктарды, медициналык борборлорду ачып, иш орундар менен камсыз кылып жатат. Россиянын өкмөтү да жергиликтүү диаспоралар менен тыгыз иштешип, маселелер жаралса, колдоо керек болгон учурда көмөктөшүп, гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кол сунуп турат", — деди Сманова.
Ошондой эле адис акыркы учурда Россияга эмгек миграциясы эмес, билим алууга, квалификациясын жогорулатууга келген жаштардын саны өсүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0