Молдова президентинин ити Австрия лидерин тиштеп алды. Тараптардын билдирүүлөрү

© AFP / ALEX HALADAАвстриянын президенти Александр ван дер Беллен. Архив
Австриянын президенти Александр ван дер Беллен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
Молдованын мурдагы премьер-министри Ион Кику президент Санду адамгерчиликтүү көрүнүү үчүн гана коомчулукка итин алып чыгарын, болбосо аны видео-сүрөттөргө түшөрдө гана көрөрүн айткан.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Молдова президенти Майя Сандунун ити Австриянын президенти Александр ван дер Белленди тиштеп алган видео интернетке тарады. Видеодон ван дер Беллен итти сылайын дегенде үй жаныбары анын колун тиштеп алганын көрүүгө болот.
Бул боюнча Санду түшүндүрмө бергенин РИА Новости жазды.
Окуя Австрия лидери Молдовага иш сапары менен барганда болгон.
"Молдова Республикасынын президенти бул үчүн дароо кечирим сураган жана иттин тиштеп алышын ал жерде киши өтө көп болгондугу менен байланыштырган", – деп жазылат маалыматта.
Буга чейин өлкөнүн мурдагы премьер-министри Ион Кику окуя тууралуу пикирин билдирип, Санду адамгерчиликтүү көрүнүү үчүн гана акыркы үч аптада коомчулукка ити менен чыгып жатканын айткан. Ошондой эле ал Молдова эли президенттин бул үй жаныбарын ал менен видео-сүрөткө түшкөндө эле көрүшөрүн кошумчалаган.
Австриянын президенттик администрациясынын өкүлү президент ван дер Беллен өзүн жакшы сезип жатканын, кичинекей жараатты таңып коюшканын айткан.
Александр ван дер Беллен өзү да бул көрүнүш боюнча видеокайрылуу жасаган. Анда ал итти түшүнөрүн, ал жердеги адамдардын көптүгүнөн ит тынчсызданып турганын айткан.
"Молдова президентинин биринчи ити болгон Кодру менен жолугушуум көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Мени тааныгандар итти кандай жакшы көрөрүмдү билишет. Ошондуктан мен аны түшүнөм", – деген ван дер Беллен иш сапарынын соңку күнүндө Сандуга ит үчүн оюнчук белек кылганын кошумчалаган.
Президент ит менен болгон окуядан да Санду, ошондой эле Молдованын премьер-министри, парламент башчысы жана ишкерлер менен сүйлөшүүлөрү маанилүү болгонун белгилеген.
США президенти Жозеф Байден Индонезиянын президенти Жоко Видодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Байдендин күтүүсүз кадамы Индонезиянын президентин таңгалдырды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0