Соттолгон адам түрмөдөн качып, кароолчу ок чыгарып токтотту

© Sputnik / Табылды КадырбековТүзөтүү колониянын кызматкерлери. Архив
Түзөтүү колониянын кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
Жазылуу
Качкан киши колониянын тосмолорунан өтүүгө жетишкен.
БИШКЕК, 17-ноя. —Sputnik. Кыргызстанда соттолгон киши түзөтүү колонияларынын биринен качууга аракет кылганын Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, соттолгон киши түрмөнүн тосмолорунан өтүүгө жетишкен.
"Күзөт департаментинин аскери эскертүү иретинде бир нече ирет ок чыгарган соң абактан качып бараткан адам колго түшүрүлгөн", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы иш козгоп, иликтөө уланып жатканын билдиришти.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Түрмө — пансионат эмес! Ташиев саясатчыларга эскертүү берди
Жаңылыктар түрмөгү
0