ЕЭК министри: ЕАЭБде техникалык жөнгө салуу системасын түзүүдө тоскоолдук көп

© Фото / пресс-служба ЕЭКМосквада өткөн "Интеграция" деп аталган Евразиялык ишкерлер форумунун пленардык жыйыны
Москвада өткөн Интеграция деп аталган Евразиялык ишкерлер форумунун пленардык жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Назаренко ЕАЭБдин бирдиктүү рыногун кооптуу продукциядан коргоо маселесине да токтолгон.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. ЕАЭБдин бирдиктүү техникалык жөнгө салуу системасын түзүүдө алдыга жылуу үчүн коркпой, тоскоолдуктарды басып өтүшүбүз керек. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко 15-ноябрда Москвада өткөн "Интеграция" деп аталган Евразиялык ишкерлер форумунун пленардык жыйынында билдирди.
Ал ЕАЭБдин бирдиктүү техникалык жөнгө салуу системасын түзүү аягына чыгып калганын айткан. Бирок анын андан аркы иштерине, интеграциялык мүмкүнчүлүктөргө зыян келтирип, мамлекеттик деңгээлдеги таасир көрсөтүү инструменттерин сактап калуу тенденциялары тоскоол болуп жатканын белгилеген. Министр жаңы тармактар боюнча интеграция барган сайын кыйын болуп баратканын кошумчалаган.
© Фото / пресс-служба ЕЭКЕвразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко
Пленарное заседание Евразийского делового форума Интеграция в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко
"Техникалык жөнгө салуу – атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга жардам бере турган нерсе. Биримдикте техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө бирдиктүү саясат жүргүзүү тууралуу макулдашууга кол коюлганына 10 жыл болду. Бул аралыкта биз техникалык жөнгө салуунун алты багытынын ичинен эки гана чөйрөсүндө улуттар аралык механизмдерди түзө алдык", — деди Назаренко.
ЕЭК министри ЕАЭБдин бирдиктүү рыногун кооптуу продукциядан коргоо, ата мекендик жана чет элдик продукция бул рынокко жеткиликтүү болушу үчүн бирдей шарттарды түзүү маселелерине да токтолгон.
Өнөр жайда иштеген кызматкерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 3,5 пайызга өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0