Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Букалаев: балдар музыкасына көңүл бурулбай келет

© Sputnik / Асел АкматКыргыз Республикасынын эл артисти, композитор-обончу Камчыбек Букалаев
Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор-обончу Камчыбек Букалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2023
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор-обончу Камчыбек Букалаев балдар музыкасына көңүл бурулбай жатканын айтты.
Эгемендүүлүк жылдарында балдар музыкасы көңүл чордонунан сыртта калды. Мындай пикирин Камчыбек Букалаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Букалаев: балдар музыкасына көңүл бурулбай келет
Анын айтымында, аталган тармакта системалуу иштер жүрбөй жатат.
"Советтер Союзу учурунда Москвада телевидениенин алдында "Балдар чоң хору" бар эле. Алар кичинекейлерге арналган музыкалар менен алектенчү. Мындай мүмкүнчүлүктөр азыр да бар, бирок ишти уюштуруп жасаган мекеме жок. Биз, обончулар, композиторлор, музыканы жазып эле жатабыз, токтоп калган жок. Алар ашып кетсе музыкалык мектептердин окуучулары тарабынан аткарылып, ошону менен бүтөт. Келечекти патриоттуулукка, жаратылышты сүйүүгө, ынтымакка тарбиялайбыз десек, балдар музыкасын колго алуу керек. Жазылып жаткан музыкалар бала бакча, музыкалык окуу жайларга таратылып, методикалык китептер чыгарылып, радио, телевидениелерге жаздырылса, министрлик тарабынан тапшырмалар берилип, багыттар белгиленип, ошого жараша чыгармалар жазылып иш колго алынса болмок", — деди Букалаев.
Композитор кичинекейлердин өздөрү мындай аракеттерди кубануу менен кабыл аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0