Нарындагы соода борбордо эркек киши кызды бетке муштаган. Окуянын чоо-жайы

© Photo / Pexels / Kindel MediaЭркек кишинин муштуму. Архивдик сүрөт
Эркек кишинин муштуму. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
Кызга кол көтөргөн адамга Медициналык экспертиза борбору 2012-жылы "Эпилепсиядан пайда болгон деменциянын жеңил түрү" деген диагноз койгону айтылды.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Нарындагы соода борбордо эркек киши кызды бетке муштап жиберген. Окуянын видеосу соцтармакка тарады.
Кадрдан көрүнүп тургандай, кезек күткөн адамдардын арасындагы жаш кызга артында турган киши себепсиз кол көтөргөн.
Нарын ОИИБдин маалымат кызматы окуя боюнча шаардык милицияга 20 жаштагы кыз кайрылып, белгисиз киши кол көтөргөнүн айткан. Бул иш милициянын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя 14-ноябрда шаардагы "Чолук-Ата" соода борборунда болгону такталды. Анда 20 жаштагы К.А.Н. банкоматтан акча алайын деп кезекте турганда болжол менен 30 жаштагы эркек киши кезек талашып аны жаакка чапкан. Кыздын айтымында, качканына карабай башка чаап, артынан кубалаган. Азыркы тапта арыз ээси облустук ооруканада дарыланууда", — деп айтылат кабарда.
Милиция кылмышка шектелип Нарын районунун Орто-Нура айылынын 31 жаштагы тургуну кармалганын маалымдады. Шектүү сурак учурунда кыз менен урушуп кеткендиктен кол көтөргөнүн айткан.
Күнөөкөргө Медициналык экспертиза борбору 2012-жылы "Эпилепсиядан пайда болгон деменциянын жеңил түрү" деген диагноз койгону айтылды.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Милиция тергөөнүн жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кошумчалады.
Араванда 2 жаштагы эгиз кыздарын сабаган келин кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Араванда 2 жаштагы эгиз кыздарын сабаган келин кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0