Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРКөлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды
Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
29 жаштагы жаран №8 түзөтүү мекемесиндеги "общяктын кассасын" толтуруу үчүн 200 миң сом опузалоого шектелүүдө.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. УКМК криминалдык төбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү колго түшүрүлгөнүн маалымдады.
Билдирмеге караганда, "Шпана" каймана аты бар бул киши Жаза аткаруу кызматынын №8 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан Э.М. аттуу адамдын буйругу менен А.Э.А. аттуу жарандан акча талап кылган.
"Ал кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен А.Э.А. аттуу жаранды күч колдонуп автоунаага салып, денесине көптөгөн жаракаттарды келтирип, бычак такап №8 түзөтүү мекемесиндеги уюшкан топтун кассасын (общаковская касса) толтуруу үчүн андан 200 миң сом акча талап кылган. Укук коргоо органдарына кайрылса, күч колдонушаарын айтып, акчаны таап келүү үчүн убакыт берип, Эркиндик бульварынан түшүрүп коюшкан", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында 29 жаштагы киши кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кармалган адамдын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендиги иликтенип жатканы кошумчаланды.
Шектүүнү кармоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Таласты "кармачу". Камчы Көлбаевдин тобунан делген киши кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0