Мектепке бомба коюлду деп алдашкан. Милиция 14 жаштагы эки баланы кармады

© Sputnik / Павел БедняковӨспүрүмдөр. Архив
Өспүрүмдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Жазылуу
ШИИБ жардыруу коркунучу тууралуу билдирүү тараткандар жоопкерчиликке тартылып, беш жылга чейин эркинен ажырап калышы ыктымал экенин эскертти.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин бирине бомба коюлгандыгы тууралуу жалган телефон чалууга шектелген эки өспүрүм колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
14 жаштагы окуучулар өздөрү окуган мектептеги мугалимдин мессенджерине "сиздин мектеп NDM тобу тарабынан миналанган. Адамдарды эвакуациялоого 20 мүнөтүңүз бар, болбосо алар куткарылбайт" деген билдирүү жөнөтүшкөн. Алар жарылууну токтотуу үчүн 50 миң сом талап кылышкан.
Окуя болгон жерге дароо райондук башкармалыктын жетекчилиги жана тергөө тобу барып, кинологдор иштеп, бактыга жараша, бомба табылган эмес.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын маалымат каттоо журналына түшүп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, жыйынтыгында бул ишке шектелип эки окуучу кармалган.
"Алар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган куракка жете электигине байланыштуу ата-энелерине өткөрүп берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
ШИИБ жардыруу коркунучу тууралуу билдирүү тараткандар жоопкерчиликке тартылып, беш жылга чейин эркинен ажырап калышы ыктымал экенин эскертти.
Соода борборундагы жардырууга шектүү адам кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Кибертоптун мүчөсү болгон. УКМК бомба тууралуу билдирүүнүн автору жөнүндө
Жаңылыктар түрмөгү
0