Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттеринен буудайды көп ала баштады

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүБуулайды алакандарына толтуруп алган киши. Архивдик сүрөт
Буулайды алакандарына толтуруп алган киши. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Жазылуу
Өткөн жылдын тогуз айында өлкө 181,3 миң тонна эгин сатып алган.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттеринен буудайдын импортун арбытканын Улуттук статистика комитетинен айтышты.
Быйыл 9 айда Кыргызстанга 214,2 миң тонна буудай импорттолду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,9 миң тоннага көп.
Буудай саткан өлкөлөр:
Россия - 206,9 миң тонна (29,8 тоннага көп);
Казакстан - 7,3 миң тонна (29,8 тоннага көп);
Түркия - 0,2 тонна (200 кг, былтыр импорттолгон эмес).
Кургакчылыктын айынан быйыл Кыргызстан эгинди былтыркыдан жүз миң тоннадай аз жыйнады.
Буудай оруу иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Министрлик: РФтин буудайды экспорттоого салган тыюусу Кыргызстанга таасир этпейт
Жаңылыктар түрмөгү
0