Херш: АКШ Израилге таасир эте турган абалда эмес

© AP Photo / PAUL SAKUMAАмерикалык журналист Сеймур Херш. Архив
Америкалык журналист Сеймур Херш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Жазылуу
Америкалык бир аткаминердин айтымында, Вашингтондун бийлигинде азыр башаламандык болгондуктан көп маселелерди чечүүгө жөндөмсүздүк жаралууда.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШ өзүнүн мамлекеттик аппаратындагы башаламандыктан улам Жакынкы Чыгыштагы чатакты чечүү боюнча Израилге таасир эте турган абалда эмес. Бул туурасында америкалык журналист Сеймур Херштин айтканын Радио Sputnik жазды.
"Нетаньяху Газа секторунда каалаганын жасагандыктан мамлекеттик катчы (АКШ - ред.) Энтони Блинкен ар дайым түшүнбөй, таңдангандай абалда жүрдү", — деп жазган өзүнүн маалымат булактарына таянган журналист Substack порталына.
Америкалык бир аткаминердин айтымында, Вашингтондо азыр "бийлик вакууму жаралып, балды башкарган эч ким жок" жана америкалык мамлекеттик аппараттын ичиндеги башаламандык АКШны Израилге таасир этүүгө жөндөмсүз кылууда.
"АКШ Израилге күндө миңге чейин бомба жөнөтүп турган чакта Ак үйдө башаламандык өкүм сүрүүдө. Алар бир эле нерсени улам-улам айтып жатат. Алар президентти (Жозеф Байден) кайра шайлоого алып келе турган нерсени жасап жатабыз деген пикирде", — деген маалымат булактын айткандарын билдирген Херш.
Вашингтондогу АКШнын Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Путин: Батышка Жакынкы Чыгыштагы башаламандык жагып турат
Жаңылыктар түрмөгү
0