Үшүк жүрөт! Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКар баскан сары жалбырактар. Архивдик сүрөт
Кар баскан сары жалбырактар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2023
Жазылуу
Үшүк жыйналбаган мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 14-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0...-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Бул күндөрү өлкөнүн түндүк аймактарына да суук түшүп, үшүк жүрөрү маалым болду. 14-ноябрь түнкүсүн Чүйдө абанын температурасы 0...-2 градус, Таласта -1...-3, Ысык-Көлдө 0...-5, Нарын облусунда -5...-7 градуска чейин төмөндөйт.
Кыргызгидромет үшүк жыйналбаган мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу экенин эскертти.
Аял баласы менен кол чатыр кармап жаан астында бара жатышат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Кийинки жумада өлкөдө күн ачык болобу? Бир жумага карата божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0