Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шаршенбеков: "жашыл” экономиканы жайылтуу үчүн убакыт керек

© SputnikКоординатор проекта "Зеленая экономика" Эрназар Шаршенбеков
Координатор проекта Зеленая экономика Эрназар Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2023
Жазылуу
"Жашыл экономика" долбоорунун координатору Эрназар Шаршенбеков өлкөдө "жашыл” экономикага өтүү тенденциясы тууралуу айтып берди.
Өлкөдө "жашыл” экономиканы киргизүү боюнча жылыш бар, бирок натыйжа болуш үчүн убакыт керек. Бул тууралуу Эрназар Шаршенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.
Шаршенбеков: "жашыл” экономиканы жайылтуу үчүн убакыт керек
Анын айтымында, бул багытта өлкөдө агартуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө."Жашыл экономика” термини абдан актуалдуу. Анткени экономиканы табиятка зыян тийгизбей өнүктүрүү учурда муктаждык болуп турат. Өндүрүш, ишкерлик тармагы буга чейин "жашыл" компонентке маани бербей баштаганын эске алсак, жылыш абдан жай болору белгилүү. Ошентсе да соңку убакта бизнесмендер, жарандар тарабынан кызыгуулар күч алып жатканы байкалууда. Себеби өнүккөн өлкөлөр бул багытта кыйла алдыга озуп кетишкен. Климаттын өзгөрүп жатканынан улам айыл чарба тармагында "жашыл" технологияларды колдонуу зарылдыгы жаралууда. Ошол эле туризм багытында дагы позитивдүү жылыштар байкалууда. Ишкерлер экологияга зыян тийгизбей киреше табуу келечегинде пайдалуу экенин аңдап башташты. Ошентсе дагы "жашыл” экономиканы жайылтуу бир күндүн иши эмес жана ал үчүн убакыт талап кылынат", — деди Шаршенбеков.
Ошондой эле ал экологияны сактоо ар бир атуулга тиешелүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0