Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көлгө башчы болуп дайындалды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевБишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Абдыкадыров 2022-жылдын февраль айынан 2023-жылдын октябрына чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдү былтыртан бери башкарып келе жаткан Илияз Иманбетов башка ишке которулду.
Нурдан Орунтаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Нурдан Орунтаев мамлекеттик жаңы кызматка дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0