Жаңы жылга чейин Бишкекте дем алыш сайын айыл чарба жарманкеси өтөт. Даректери

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкекте айыл чарба жарманкеси. Архив
Бишкекте айыл чарба жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Жазылуу
Арзан сатылуучу азыктар борбор калаанын үч жерине коюлат.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкекте ушул дем алышта, 11-12-ноябрь күндөрү, айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөрүн Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мындан ары андай жарманкелер ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин өндүргөн продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.
Жарманке өтүүчү жайлар:
Биринчи май району (Киев — Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
Октябрь району (Нуркамал Жетикашкаева — Айтиев — Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 7:00дөн 19:00гө чейин чейин;
Свердлов району (Төрөкул Айтматов — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.
Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине чалып толук маалымат ала алат.
Жайыт жер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Быйыл өлкөнүн 300 гектар жайытына Россиядан алып келинген үрөндөр себилди
Жаңылыктар түрмөгү
0