Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары
Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Жазылуу
Мамлекет башчысы сапардын биринчи күнүндө Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун 8-9-ноябрда Өзбекстанга болгон иш сапары аяктаганын мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Жапаров Ташкентте Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

"Президенттер кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, атап айтканда, достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты", — деп билдирди маалымат кызматы.

Сапардын экинчи күнүндө ал Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышкан.
"Жапаров анда экономикалык кызыкчылыктардын жалпылыгына негизделген аймактык жана региондор аралык интеграция келечекти көрө билүүнүн негизги элементи болуп саналарын белгиледи. ЭКУ заманбап шарттарда интеграциянын майнаптуу куралы болуу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүккө ээ", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкент шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2023
Көңүл ооруп, зээнибиз кейип турат. С.Жапаров Палестина-Израиль чатагы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0