Россия президенти: айрым өлкөлөр КМШнын туруктуулугун атайын бузууда

© Sputnik / Владислав Воднев / Медиабанкка өтүүКМШ мүчө-мамлекетерин желектери. Архив
КМШ мүчө-мамлекетерин желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Жазылуу
Путин КМШ чөлкөмүндөгү кырдаалды терең изилдөө үчүн коопсуздук кеңештерин маалымат-аналитикалык жана божомол мүмкүнчүлүгүн болушунча колдонууга чакырган.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. КМШдагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Шериктештикке мүчө мамлекеттер чоң ыкчам иштерди жасашы керек. Алардын коопсуздук кеңештери маалымат-аналитикалык жана божомол мүмкүнчүлүгүн болушунча колдонгондору оң. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Москвадагы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын XI жыйынынын катышуучуларына видеокайрылуу жасаган.
"Дүйнөдөгү кырдаал татаал жана чыңалган бойдон турганын көрүп жатабыз. Бир катар аймактарда мурдагы чыр-чатактар кайра козголуп, жаңылары пайда болууда. Анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы Палестина-Израиль согушу. Мында эң оболу жай тургундар жапа чегүүдө", — деген Путин.
Ал дүйнөдөгү туруксуздук Евразияга да таасирин тийгизе баштаганын белгилеген.
"Кээ бир өлкөлөрдүн аракеттери КМШ мамлекеттериндеги мыйзамдуу бийликти, коомдук туруктуулукту, салттуу баалуулуктарды, биздин соода, маданий байланыштарды бузууга түздөн-түз багытталган. Террорчулук жана уюшкан кылмыштуулук, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана мыйзамсыз миграция, радикализм жана экстремизм, ошондой эле экономикалык, маалыматтык, технологиялык жана биологиялык коопсуздук жаатындагы коркунучтар баарыбыздын башыбызда бар", — деген Путин.
РФ президенти мунун баары ыкчам иштерди талап кыларын айтып, КМШ чөлкөмүндөгү кырдаалды терең изилдөө үчүн коопсуздук кеңештери маалымат-аналитикалык жана божомол потенциалын болушунча колдонушу керектигин кошумчалаган.
Россиянын президенти Владимир Путин жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2023
Путин ЕАЭБ, ШКУга таянып ири евразиялык өнөктөштүк түзүү керектигин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0