Өкмөттө айылдарды ирилештирүү боюнча кеңешме өттү. Жыйынтыгы

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
Жазылуу
Жакын арада аймактык-административдик реформалоону 2024-жылдын 1-апрелине чейин сынамык режимде ишке ашыруу боюнча президенттин жарлыгы чыгары белгилүү болду.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Өкмөттөн маалымдалгандай, анда облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелери талкууланды.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Өкмөттөн маалымдалгандай, анда облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелери талкууланды

Өкмөттөн маалымдалгандай, анда облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелери талкууланды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Өкмөттөн маалымдалгандай, анда облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелери талкууланды

1/2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү

2/2

Өкмөттөн маалымдалгандай, анда облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелери талкууланды

Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр Жапаровго пилоттук режимде айыл аймактарды бириктирүү боюнча долбоорлорду сунушташкан.
Билдирмеде реформаны жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу комиссиялар түзүлгөндүгү белгиленген.
"Айыл аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, жергиликтүү кеңештердин сессияларында депутаттар тарабынан каралган. Жапаров ААР долбоорлорун жактырды, ошол эле учурда сын-пикирлер, толуктоолор болду", — деп айтылат маалыматта.
Аймактык административдик реформалоонун максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү деңгээлин, жер-жерлерде чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгын жогорулатуу, каржыны кыскартуу жана кайра бөлүштүрүү.
Министрлер кабинети жакын арада 2024-жылдын 1-апрелине чейин ААРны сынамык режимде ишке ашыруу боюнча президенттин жарлыгы чыга турганын кошумчалады.
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Өкмөт министрлер менен ведомство башчыларынын 14 орун басарын кыскартты
Жаңылыктар түрмөгү
0