Депутат Ашимова кара куурайды өрттөбөй андан дары чыгарууну сунуштады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Динара Ашимова. Архивдик сүрөт
Депутат Динара Ашимова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Жазылуу
Эл өкүлү демилгени карап көрүүнү суранып саламаттык сактоо министрине кайрылды.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова кара куурайды өрттөбөй андан дары чыгарууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, кара куурайдын жанына башка сортун эксе кийинки жылы психотроптук күчү жоголуп, ошолордон дары чыгарууга болот. Мындай ыкма Польша, Украинада колдонулат.
"Кыргызстанда ар жылы капкара түтүн чыгарып өрттөп жатпайбызбы. Буга Европада суроо-талап абдан жогору. Мага кара куурай боюнча долбоордун демилгечилери келди, сизге жөнөтөйүн, себеби сиз тараптан чечилет экен. Кыргызстанга пайдалуу болсо карап көрүңүздөр", — деп кайрылды депутат саламаттык сактоо министрине.
Учурда милиция кара куурай өстүргөн жерди аныктаса өрттөп жок кылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев (сол жакта). Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2023
Комадагы адамды көтөрүп түшүштү. Депутат Улуттук госпиталдагы окуяны көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0