Эки согушкер үчүн 250 миң доллар. Отставкадагы полковник Эгембердиевдин маеги

Жазылуу
1924-жылы 1-ноябрда Кара кыргыз автоном облусунда милиция уюшулган. Бул аралыкта милициянын кызматкерлери далай сыноодон өттү. 1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң тартип сакчылары террордук уюмдарга каршы күрөштүн ыкмаларын өздөштүрдү.
Sputnik маалымат агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов ИИМдин отставкадагы полковниги Өмүрбек Эгембердиев менен маек курган. Биз сөз кылган окуя милиция кызматкерлеринин абийирдүүлүк менен аткарып келген ак кызматынын бири гана.
2000-жылдардын башында милиция кызматкерлери Кыргызстан менен Россияда тыюу салынган "Чыгыш Түркстанды бошотуу" террордук уюмунун эки согушкерин колго түшүрүп, кытай кесиптештерине өткөрүп беришкен. Бул операциянын башында Өмүрбек Эгембердиев турган эле.
"Мага оперативдик кызматкер Абдували Акжолов Бишкекте түркиялык жаран менен таанышып, анын жүрүм-туруму шек жаратып жатканы тууралуу маалымат берди. "Чет элдик атуул менен атайын тааныштым, улутум түрк дегени менен теги уйгур окшойт. Ал визасын узартуу маселеси боюнча кайрылды" деп билдирди Акжолов. Абдували өзбек тилин мыкты билгендиктен, жогорудагы шектүү атуул менен ымала түзүүгө жетишти. Мындан сырткары, бул согушкер менен чогуу дагы бир теги уйгур диверсант келгени тууралуу маалымат түштү. Бул эки жарандын бүт документтерин, байланыштарын жана жүрүм-турумун изилдеп, борбор калаадагы Кытай Эл Республикасынын (КЭР) элчилигиндеги коопсуздук боюнча кызматкерге маалымат бердим. Пекинде биз берген маалыматты текшерип, жогорудагы эки жаран эл аралык издөөдө жүргөн согушкерлер экендиги такталды. Алар Афганстан жана Пакистандагы террордук уюмдар менен тыгыз байланышып, диверсияларды уюштурууга катышыптыр. Ошол эле убакта бирөөсү "Чыгыш Түркстанды бошотуу" террордук уюмунун штабынын жетекчиси экенин тастыктаган маалымат бар дешти. Ошондуктан кытай кесиптештерибиз буларды Үрүмчүгө жеткизип берүүнү өтүнүштү. Эки диверсантты камадык. Кытай полициясына өткөзүү иш-чарасынын алдында биз менен алардын тарапкерлери байланышты. Булар эки согушкерди бошотуу үчүн 250 миң доллар берүүгө убада беришти. Биз мыйзам чегинде бардык жол-жобону иликтеп, эки диверсантты расмий Пекинге өткөрүп бердик. Кыргызстандык кесиптештер акчага алданбастан так иштейт экен деп КЭР полиция кызматкерлери бизге суктанышкан", — деди Эгембердиев.
Тема боюнча:
Ишенимди актоо мезгили келди. Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0