Эми мектеп, бакчаларда балдардын тамагына акчаны ата-энелер гана төлөйт

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүБала бакчада бала тамактанууга даярданып жатат
Бала бакчада бала тамактанууга даярданып жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда президенттин администрациясына жазылган Финансы министрлигинин каты тарап кеткен.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Финансы министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусу тууралуу маалыматтар боюнча билдирүү таратты.
Буга чейин социалдык тармактарда президенттин администрациясына жазылган Финансы министрлигинин каты тарап кеткен. Анда бала бакчаларда жана мектептерде балдардын тамактануусуна ата-энелер гана акча бериши керек деп жазылган.
Министрлик бул маалыматты тастыктап, 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын нормасына таянган.
"Бул мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылат", — деп жазылат кабарда.
Башталгыч класстын окуучулары мектепте тепкичтен түшүп баратышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Министрлик окуучулардын күзгү каникулу качан башталарын эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0