Кыргызстанда кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда

© Depositphotos.com / RfphotoКызамык менен ооруп жаткан бала. Архивдик сүрөт
Кызамык менен ооруп жаткан бала. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2023
Жазылуу
Оору Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Ош облустарында көп катталууда. Мындан улам министрлик ата-энелерди балдарын эмдетүүдөн баш тартпоого чакырды.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык боюнча кырдаал дагы эле курч экенин айтып, илдетке кабылгандар тууралуу жалпы маалымат берди.
Билдирмеге караганда, жыл башынан бери өлкөдө 3 289 адам кызамык оорусуна чалдыккан. Алардын басымдуу бөлүгү 4 жашка чейинки балдар жана эмдөөдөн өтпөгөн окуучулар.
"Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал Кыргызстанда курч бойдон калууда. Бишкекте эки менчик бала бакчада жана бир менчик мектепте кызамык менен ооруган учур катталган. Каракол шаарында оору бир мектептен чыкса, Жалал-Абадда эки мектепте катталып, мындан улам билим берүү мекемелери убактылуу онлайн окууга өтүшкөн", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик оору Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Ош облустарында көп катталып жатканын билдирип, мындан улам кызамык, кызылча илдеттерине каршы 9 айдан 7 жашка чейинки балдар кошумча эмделип жатканын белгиледи. Ошондой эле ата-энелерди балдарын эмдетүүдөн баш тартпоого чакырды.
Кызамык — коркунучтуу инфекциялык жугуштуу оору. Атайын дарылоо ыкмасы жок, эмдөө менен алдын алууга болот.
Медицина кызматкерлери бейтаптарды эмдөөдө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Өлкөдө кызамык, кызылчага каршы эмдөө боюнча байланыш борбору иштеди
Жаңылыктар түрмөгү
0