Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Беларуска элчи болуп дайындалды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив
Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2023
Жазылуу
Султанбаев 2021-жылдын май айынан бери президенттин маалымат катчысы болуп иштеп келе жаткан.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Султанбаев 2021-жылдын май айынан бери президенттин маалымат катчысы болуп иштеп келе жаткан.
Эрбол Султанбаев 1991-жылы 10-августта туулган.
Портфельчен киши. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Садыр Жапаров өзүнө жаңы жардамчы дайындады
Жаңылыктар түрмөгү
0