Сапар Исаковго кымбат унаа берген. Көлбаевдин тобунан делген балбан кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРСапар Исаковго кымбат унаа берген. Көлбаевдин тобунан делген балбан кармалды
Сапар Исаковго кымбат унаа берген. Көлбаевдин тобунан делген балбан кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Мурат Рамонов грек-рим күрөшү боюнча Азиядан бир нече ирет байге алган, Рио Олимпиадасынын катышуучусу.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. 2020-жылы экс-премьер-министр Сапар Исаковго кымбат баалуу сооттолгон автоунаа берген деп белгилүү балбан Мурат Рамонов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР2020-жылы экс-премьер-министр Сапар Исаковго кымбат баалуу сооттолгон автоунаа берген деп белгилүү балбан Мурат Рамонов кармалды
Задержание Мурата Рамонова в рамках уголовного дела по выявлению незаконно нажитого имущества Камчы Кольбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
2020-жылы экс-премьер-министр Сапар Исаковго кымбат баалуу сооттолгон автоунаа берген деп белгилүү балбан Мурат Рамонов кармалды
Ага ылайык, Рамонов "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлкүн өзүнүн атына каттатып, кийин айрым саясатчыларга өткөрүп бергени аныкталды.
"2020-жылдын октябрь айында Рамонов 2015-жылы чыгарылган сооттолгон Mercedes Benz S600 автоунаасын экс-премьер-министр Сапар Исаковго абактан чыккандан кийин өткөрүп берген. Андан соң 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны "Ала-Тоо" аянтында массалык башаламандык уюштуруу аракетинде колдонгон", — деп айтылат маалыматта.
Мурат Рамонов грек-рим күрөшү боюнча Азиядан бир нече ирет байге алган, Рио Олимпиадасынын катышуучусу.
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп кармалган Мадина базарынын ээси, экс-парламентарий Турсунтай Салимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2023
Көлбаевдин тобун каржылап, ишин колдоп турган. Салимовго тагылган айыптар
Жаңылыктар түрмөгү
0