Оюн автоматтарын, тотализаторлорду бир жерге жайгаштыруу сунушталууда

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКазинодогу оюн автоматтары. Архивдик сүрөт
Казинодогу оюн автоматтары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Жазылуу
Документтин максаты — мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүп, инвестиция тартууга шарт түзүү жана кумар жайларына Кыргызстан жарандарынын киришине жол бербөө.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Экономика министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында оюн автоматтарын, букмекердик кантора жана тотализаторлордун баарын бир жерге жайгаштырууну сунуштаган мыйзам долбоору менен тааныштырды.
Мыйзам долбооруна ылайык, мындай кумар оюндарын (букмекердик кантора, тотализаторлорду) казино ачууга лицензия алган тарап гана уюштура алат.
"Азыр оюн автоматтарын, тотализаторлорду күчкө салып жаптык. Алардын баарын бир жерге, лицензия берилген казинонун алдына жайгаштырып, кыргыз жарандарынын мындай жактарга барганын токтотуу үчүн мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мыйзам долбоору кабыл алынса, интернет аркылуу иш алып барган тотализаторлор да жабылат. Буга чейин алардын кеңсеси Кыргызстанда болгону менен сервери чет өлкөдө эле. Жаңы мыйзам алардын серверинин Кыргызстанда жайгашуусун талап кылмакчы", — деген министр.
Документтин максаты — мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүп, инвестиция тартууга шарт түзүү жана кумар жайларына Кыргызстан жарандарынын киришине жол бербөө.
Казинодогу крупье фишкаларды тизип жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Салык кызматы Кыргызстанда казинолорду кимдер иштетип жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0