Эрдогандын сөзүнөн кийин Израиль Түркиядагы дипломаттарын артка чакырды

© AP Photo / Emrah GurelТуркия президенти Режеп Тайип Эрдоган
Туркия президенти Режеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Жазылуу
Түркиянын президенти Израилди аскердик кылмышкер катары жарыялоого камынып жатканын жарыялаган.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Режеп Тайип Эрдогандын сөзүнөн кийин Израилдин ТИМ башчысы Эли Коэн Түркиядагы бардык дипломатиялык өкүлдөрү үйүнө кайтышы керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости саясатчынын X соцтармагына жазган постуна таянуу менен кабарлады.
Коэндин айтымында, бул израиль-түрк мамилелерин кайра карап чыгуу үчүн жасалып жатат.
Ишембиде Эрдоган Стамбулда Палестинаны колдоо митингине чыккандардын алдында сүйлөп жатып, Украина жаңжалынын курмандыктары үчүн жашын төккөн батыштагылар азыр Газа секторунда балдар өлүп жатканын унчукпай карап турганын билдирген. Ал ошондой эле Түркия Израилди аскердик кылмышкер катары жарыялоого камынып жатканын айткан болчу.
Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2023
Израилдин премьери Нетаньяху Газада согуштун экинчи этабы башталганын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0