31-октябрда Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт. Даректер

© AFP / LOIC VENANCEСуунун өчүрүлүшү. Архивдик сүрөт
Суунун өчүрүлүшү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Жазылуу
Бул күнү суу алгычтарда жана түтүктөрдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. 31-октябрь, шейшембиде, Бишкектеги Мурас-Ордо жана Калыс-Ордо конуштарында ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдады.
Билдирмеге ылайык, аталган конуштардагы турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Убактысы:
Мурас-Ордо конушунда саат 9:00дөн 20:00гө чейин;
Калыс-Ордо конушунда саат 9:00дөн 15:00гө чейин суу болбойт.
Маалыматта белгилегендей, бул убакта "Мурас-Ордо", "Калыс-Ордо" суу алгычтарында жана суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт.
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2023
Радио
Чаржайыт бургулоону токтотуу керек. Адис суу таңсыктыгынын себебине токтолду
Жаңылыктар түрмөгү
0