Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкектин 11-кичи районунда ипотекалык турак жай курулат

© Sputnik / Асылбек БактыбековМамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2023
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев ипотекалык үйлөрдү курууда республикалык бюджеттен тышкары чет элдик донорлордон каражат табуу боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.
Бишкектин 11-кичи районунда жайгашкан 9,6 гектар жер тилкеге ипотекалык турак жай курулат. Ал жер 2022-жылы МИКке мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилгенин Тилек Жээмбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкектин 11-кичи районунда ипотекалык турак-жай курулат
Анын айтымында, МИК 2022-жылдын экинчи жарымы, 2023-жылдын биринчи бөлүгүндө аталган жерге ипотекага үй куруу боюнча жергиликтүү курулуш компаниялар арасында үч ирет инвестициялык сынак жарыялап, жеңүүчү табылган эмес.

"Бишкектин 11-кичи районунда жайгашкан 9,6 гектар жер тилкеге ипотекалык турак жай курулат. Ал жер 2022-жылы МИКке мамлекет тарабынан өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын экинчи жарымы 2023-жылдын биринчи бөлүгүндө аталган жерге ипотекага үй куруу боюнча жергиликтүү курулуш компаниялар арасында үч ирет инвестициялык сынак жарыялап, жеңүүчү табылган эмес. Себеби ал жер терең карьер болгондуктан көбү сунушту кабыл алган эмес. Акыркы 20 жыл аралыгында таштанды полигонуна айланып калган. Буга байланыштуу ал котлованды курулушка ылайыктоо үчүн көп акча жумшалат. Ушул жылдын биринчи бөлүгүндө жергиликтүү курулуш компаниясы турак үй салууга макул болуп, учурда маселе такталып, иш жүрүп жатат", — деди Жээмбаев.

Ошондой эле адис Бишкектин 11-кичи районунда курула турчу ипотекалык үй бардык инфраструктурасы менен курулуп, шаардын көркүн ача турган районго айланарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0