Нарындын Ак-Сай өрөөнүнө мобилдик байланыш станциясы орнотулду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМобилдик байланыш станциясы
Мобилдик байланыш станциясы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2023
Жазылуу
2024-жылы Арпа өрөөнү да байланыш менен камсыздалары кошумчаланды.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Нарындын Ак-Сай өрөөнүнө мобилдик байланыш станциясы орнотулганын аймактык кабарчы билдирди.
Анын айтымында, мындай сунушту Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы киргизген. Мындан улам мамлекеттик Mega компаниясы Ак-Сай өрөөнүнө байланыш станциясын орнотуп берген.
"Станция "Корумду" чек ара заставасына орнотулуп, байланыш жаңы маданий борбордо, "Чатыр-Таш", "Кында" чек ара заставасында, Көл-Суунун айланасында тарта баштады", — деди кабарчы.
Буга чейин райондук администрация Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндөгү жашоочулар үчүн байланыш станциясын коюп берүүнү өтүнүп бир катар мобилдик компанияларга кайрылган. 2024-жылы Арпа өрөөнү да байланыш менен камсыздалары кошумчаланды.
Ак-Сай өрөөнү Нарын облусундагы бийик тоолуу аймак болуп саналат.
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров флагштокту карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жалал-Абадда 50 метрлик туу көтөрүлүп, салтанатка Садыр Жапаров катышты
Жаңылыктар түрмөгү
0