9-ноябрдан тарта ажылык сапарга каттоо башталат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМеккедеги зыяратчылар. Архивдик сүрөт
Меккедеги зыяратчылар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Каттоо 20-ноябрга чейин уланат.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. 2024-жылы ажылыкка барууну каалагандар 9-ноябрдан тарта каттоодон өтсө болот. Муфтият каттоо 20-ноябрга чейин ID-карт менен уланарын билдирди.
Ал үчүн ажылыктын баштапкы эки миң доллары менен кайтарымсыз бир миң сом РСК банкына төлөнүшү керек.
"Эгерде 2023-жылдын 20-ноябрына чейин орун (квота) толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, зыяратка барчу аялдар үчүн махрамдын (күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек тууганы болгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат) болуусу, 3×4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт, жалпы жарандык паспорт, №086у формасындагы медициналык справка, персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу зарыл. Ошондой эле ажылыкка 18 жаштан жогорку адамдар бара алары эскертилди.
Баткен облусун Максат айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Эми Баткенди өнүктүрүүгө жыл сайын 1,5 млрд. сом бөлүнөт. ЖК мыйзам кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0