Кызыл-Кыяда дүкөндүн ичинен ок жеген киши көз жумду. Видео

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМылтык кармап турган киши. Архивдик сүрөт
Мылтык кармап турган киши. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Каза болгон киши жана издөөгө алынган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кызыл-Кыяда 32 жаштагы Л.Ш. аттуу кишини атып кетишти. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
25-октябрь түнү саат 02.15тер чамасында шаардагы ичимдик саткан дүкөндөрдүн биринде белгисиз киши куралы менен башка кишини атып салганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине шаардык милициянын жетекчиси ыкчам тергөө тобу менен барган.
"Аталган жайда Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы Л.Ш. аттуу тургуну менен Караван айылынын 27 жаштагы И.У. аттуу жашоочусу уруша кеткен. Натыйжада И.У. жанындагы куралы менен жаңжалдашкан адамды ичке атып, изин жашырган. Жаракат алган 32 жаштагы киши Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жараатынан улам каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, 27 жаштагы шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштеринин маалыматына караганда, каза болгон киши жана издөөгө алынган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.
Колунда бычак кармаган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Ошто аялын бычактап соттолгон киши. Келиндин жакындары өкүмгө нааразы
Жаңылыктар түрмөгү
0