Балыкчыда алдамчылык менен кримтөбөл кармалды. Видео

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүШектүүнүнүн колдоруна кишен салуу. Архивдик сүрөт
Шектүүнүнүн колдоруна кишен салуу. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Жазылуу
Кримчөйрө өкүлү жергиликтүү тургунду 3 миллион сомдон ашык акчага алдап кеткен.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Балыкчыда "Алдамчылык" беренеси менен 49 жаштагы Б.Б. аттуу кримтөбөл кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Ысык-Көл облусунун тургуну Балыкчы ШИИБине кайрылып, аны 3 миллион сомдон ашык акчага алдап кеткен адамга карата чара көрүүнү суранган.
Милиция бул кылмышка тиешеси бар шектүү адамды таап, колго түшүрдү.
"Шектүү кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта болуп, Балыкчы шаарында кримтөбөл экени аныкталган", — деп айтылат кабарда.
Кармалган жаран сот тарабынан баш коргоо чарасы тандалганга чейин Балыкчы шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө уланууда.
Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкысы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2023
Камчы Көлбаевдин дагы 7 асыл тукум жылкысы табылды. 15 аргымак аукционго коюлат
Жаңылыктар түрмөгү
0