Бишкекте автобус айдоочусу эки адамды сүзүп, 84 жаштагы карыя көз жумду. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсык болгон жерде тез жардам кызматы менен ЖККББ кызматкери. Архив
Жол кырсык болгон жерде тез жардам кызматы менен ЖККББ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2023
Жазылуу
Автобус айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалган.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкекте автобустун айдоочусу эки адамды сүзүп, 84 жаштагы карыя көз жумганын Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Жол кырсыгы кечээ, 24-октябрда, катталган.
"№48 автобус Жибек Жолу проспектинен чыгышты көздөй баратып, Ала-Арча көчөсүнүн кесилишине жетпей жол чийинден өтүп бараткан эки адамды сүзүп алган. Натыйжада 84 жаштагы карыя окуя болгон жерден көз жумган. 48 жаштагы киши ооруканага жаткырылган", — деп жазылат маалыматта.
Андан сырткары, автобустун ичиндеги дагы бир жүргүнчү жаракат алганы айтылды. Автобус айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалган.
Жол кырсыгынан кийин унаанын алдыңкы сынган айнеги. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2023
Чүйдө үч автоунаа кагышып, эки адамдын өмүрү кыйылды
Жаңылыктар түрмөгү
0