Кытай БУУну Жакынкы Чыгыштагы абал боюнча ири саммит уюштурууга чакырды

© Sputnik / Роман Махмутов / Медиабанкка өтүүБУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы. Архивдик сүрөт
БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Жазылуу
Дипломаттын айтымында, палестиндик-израилдик чыр Палестина маселесин унуткарып же көз жаздымда калтырып коюуга болбой турганын дагы бир ирет көрсөттү.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кытай өкмөтүнүн Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Чжай Цзюнь БУУну Израиль-Палестина чатагын жөнгө салуу үчүн болушунча тезирээк масштабдуу конференция өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу Кытай ТИМинин расмий сайтына таянуу менен РИА Новости маалымдады.
Чжай Цзюнь 21-октябрда Египеттин демилгеси менен уюштурулган Каир тынчтык саммитине (Cairo Peace Summit) катышкан.
"Бириккен Улуттар Уюму аброю бийик, масштабдуу, таасири чоң эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүнү шартташы керек", — деди Чжай Цзюнь.
Анын айтымында, палестиндик-израилдик чыр Палестина маселесин унуткарып же көз жаздымда калтырып коюуга болбой турганын дагы бир ирет көрсөттү. Өкүл бул абалдан чыгуу үчүн "эки эл үчүн эки мамлекет" жана көз карандысыз палестин мамлекетин түзүү планына кайтуу керектигин белгилеген.

Израиль — Палестина жаңжалы

7-октябрь күнү эртең менен Израиль ХАМАС аскердик канаты жарыялаган "Аль-Акса топон суусу" операциясынын алкагында Газа сектору тараптан болуп көрбөгөндөй чабуулга дуушар болгон. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги ишемби күнү Газа секторунда тирешүүдөн каза болгондордун саны 4 385 адамга жеткенин кабарлаган, 13 миңден ашуун тургун жарадар болгон. Ал эми Израилде, жергиликтүү бийликтин берген маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам көз жумду.
Россия президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы кризис БУУнун Коопсуздук кеңеши 1967-жылы бекитип берген "эки мамлекеттүүлүк" формуласынын негизинде гана жөнгө салынышы керек деген позициясын билдирген. Аталган формулада борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган.

Чоо-жайы

Тараптардын аймактык кызыкчылыгы менен байланышкан палестиндик-израилдик жаңжал ондогон жылдардан бери региондогу кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Нью-Йорктун Бруклининде миңдеген киши Палестинага колдоосун билдирип митингге чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2023
Нью-Йоркто миңдеген киши Палестинаны колдоп митингге чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0