Баткенде 100 жаштан ашкан 12 карыяга жардам көрсөтүлдү. Сүрөт

© Фото / полпредство ПКР в Баткенской областиКР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 103 жаштагы Пазылов Мийзам ата менен
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 103 жаштагы Пазылов Мийзам ата менен  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Жазылуу
Облуста 1-октябрдан тарта улгайган адамдарга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Баткен облусунда улгайган адамдарга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланып, карыларга жардам көрсөтүлүп жатканын президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
© Фото / полпредство ПКР в Баткенской области120 жаштагы Нурахмедова Айымча апа
Оказание помощи 12 пожилым людям старше 100 лет в Баткене  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
120 жаштагы Нурахмедова Айымча апа
Анын алкагында аймакта жашаган 100 жаштан ашкан 12 карыяга резервдик фонддон акчалай жардам көрсөтүлгөн. Жардам алгандардын арасында 120 жаштагы Нурахмедова Айымча апа менен 103 жаштагы Пазылов Мийзам ата да бар.
“Айымча апанын 6 баласы, 48 небереси, 24 чөбөрөсү, 14 кыбырасы, ал эми Мийзам атанын 5 баласы, 100гө жакын небере, чөбөрө жана кыбырасы бар”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул саамалыктын алкагында Баткен шаарында жашаган 80 жаштан ашкан 150дөн ашуун карыяга жардам көрсөтүлдү.
Кыз тигүүчү машинада кийим тигип жатат. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Муктаж үй-бүлөнүн ишкерлик баштоосуна 200 миң сомдон берүү каралууда
Жаңылыктар түрмөгү
0