Ташиев: кылмышкерлер гана эмес, аларды колдогондор да жазага тартылат. Видео

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жазылуу
Ал мамлекетке каршы иштеген мамлекеттик органдардагы кызматкерлер арасында да тазалоо иштери башталарын айткан.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кылмышкерлер гана эмес, аларды колдогондор да жазага тартыларын эскертти.
Ал УКМКнын Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылышында сүйлөгөн.
"Кээ бирөөлөр уюшкан кылмыштуу топторду жок кылганыбызды ностальгия менен эстеп жатышат. Аларга болушкандай сүйлөп, колдогондор чыгып жатат. Мындан ары кылмышкерлерди колдогондорду да жазалайбыз. Кылмыштуулукту жогорку деңгээлге алып чыгып жаткандарды да жазалаш керек. Уюшкан кылмыштуулукту түп-тамырынан жок кылабыз", — деген Ташиев.
Ошондой эле ал мамлекетке каршы иштеген мамлекеттик органдардагы кызматкерлер арасында тазалоо иштерин баштоо керектигин айтып, аларды жөн эле иштен албай, жоопко тартыш керектигин да кошумчалаган.
УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Кримчөйрөдөгүлөргө акча бергенди токтоткула! Ташиев ишкерлерге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0